www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгеринде коронавируска тапшырган тестинин натыйжасы оң натыйжа көрсөттү. Бул тууралуу инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, мекеменин кызматкерлеринин арасында биринчи жолу коронавирус табылган. 

“Ал дарыгер-инфекционист. Бир анализи терс, экинчиси оң болду. Биз аны дароо изоляцияга алдык. Эч кандай даттануусу жок. Оорунун клиникалык белгилери жок. Дарыгер диагнозду тактоо үчүн дагы бир жолу анализ тапшырат. Дарыгер изоляцияда үчүнчү күн жатат” – деп билдирди Гүлжигит Аалиев.

Булак: NazarNews.org

Последние новости