www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын "Сардоба" суу сактагычындагы дамбанын жарылышынан улам жабыркагандарга жардам берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Өзбекстандын калкына гуманитардык көмөк көрсөтүү чечимине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Жабыр тарткандар үчүн 1 миң тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан "Сардоба" суу сактагычында 1-майда дамба жарылып, Кургантепа шаарын жана бир нече айылдарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 70 миңден ашуун жаран коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кырсыктын кесепети 4 адамдын өмүрүн алып, миллиондогон чыгымдарды алып келгени маалым  болгон.

Булак: NazarNews.org

Последние новости