www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина кызматкерлери коронавирус илдетин жуктуруп алганын жашырбай ачык айтып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тиешелүү суроого жооп берип жатып билдирди.

Үсөнбаевге “Коронавирус илдетин жуктуруп алган медицина кызматкерлерин Саламаттыкты сактоо министрлиги жаап-жашырып жатат деген сөздөр айтылып жатат. Муну жаап-жашырууга негизи барбы? Сиздер жашырбай эле айтып жатасыздар да туурабы?”,- деген суроо берилди.

“Аны жаап-жашыргандын эч кандай кажети жок. Анткени медицина кызматкерлери иштеп, жардамдарды көрсөтүп жатат. Анан аны жаап-жашырган негизи туура эмес дагы болуп калат. Ошондой эле андай маалыматтар тез эле жайылып кетет. Ошондуктан бүгүнкү күндө коронавирус илдети тастыкталган учурларды ачык айтып эле, аларды стационарларга алып келип дарылашыбыз керек. Үйдө отуруп алып дарылаган өтө кейиштүү абалга алып келээрин медицина кызматкерлери жакшы билишет. Биз баарын жашырбай эле ачык айтып жатабыз”,- деди Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.org

Последние новости