www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов үйүндө машыгып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү булактардын бирине анын жубайы билдирди.

Анын айтымында, алар үйдөгү бир бөлмөнү спортзалга ыңгайлаштырып оңдоп беришкен.

"- Азыр биз үйдөбүз. Бөлмөдө керектүү снаряддар орнотулган, аны менен машыктыруучу алектенип жатат.

Карантинге байланыштуу кыймыл жок болгондуктан, булчуңдары бир аз сенек болчу, бирок азыр жакшырды. Балдар атасынын үйдө экенине абдан кубанып жатышат. Биз дагы Москвадан кайтып келгенибизге толук ишене албай жатабыз", - деди Курманкуловдун жубайы.

Мындан тышкары, ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы неврологиялык борбордо дарыланууда.

«Бизге акупунктура, укалоо жана башка процедуралар дайындалды», - деди жубайы. - Карантин аяктагандан кийин, Воронцовкадагы санаторияда дарыланабыз”,-деп билдирген ал.

Эске салсак, 6-апрелде 17 кыргызстандык Екатеринбургдан өз мекенине кайтып келген. Кайрылып келгендердин көпчүлүгү обсервацияга жөнөтүлсө, алардын бешөө ооруканага жаткырылган.  Алардын арасында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов да болгон.

Буга чейин ал 2019-жылдын август айынын башында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына кол салуу учурунда алган жаракатынан кийин Россияда дарыланып келген. Ал башына таш менен урулган соккудан кийин комага түшүп калып,  сентябрь айынын ортосунда гана комадан чыккан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости