www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүм кырк экиге чыгып эне болсом да, үйүмдү, атамды сагынып келип кетем. Короодон кирсем атам таягы менен жер чийип отуруптур. Жаш балача сүйүнүп, бизди көздөй сылтып жөнөсө, көзүмө жаш тегеренет. Үйгө кирип чай койгону жүрөт. “Отуруңуз” деп өзүм тейлеп, чай ичип отурдук.
Алып келгендеримди берсем, көп деле көңүл бөлгөн жок, азыр атама биз керек элек. Улам бир небересин эркелетип отурат. Эмне берерин билбей, «алма бар, алып чык» деп сүйүнөт. Биз үч кызбыз, эркек бала жок. Мен турмушка чыгып кеткени атам жалгыз. Апам төшөктө көпкө жатып каза болгон. Ал кезде мен болгону төрт жашта экенмин, көп эсимде калбаптыр.
Үйдү бир сыйра жыйнап чыгайын деп тамак асып койдум. Биздин бөлмөгө кирип, бала кезим оюма түштү. Атам ушу чоң күзгүнүн алдына мени отургузуп алып, чачымды өрө албай убараланчу. Бүткөндө бири өйдө, бири ылдый болуп калчу, мен болсо шыпшынып жактырбай сүйлөнөм. Атам байкуш күнөөлүү болуп оңдомуш болот.
Ошентип жүрүп атам да чач өргөндү үйрөндү. Жалгыз иштеп бизди бакты, окутту, күйөөгө узатты, кем кылбай бир туугандары менен кудаларын да тосуп алды. “Атама аял алып берели” дегенде мен боздоп жатып калгам, атам да болбой койгон, көрсө, биздин көңүлүбүзгө караган тура кургур. Кийин түшүнүп, кемпир алып бергенбиз, чогуу отуруп чай ичкен киши болуп, ээрчишип айылчылап жакшы болуп калган.
Бирок көп жашаган жок, так апамдыкындай оору менен ооруп каза болуп калды. Атам дагы жалгыз калды, экинчи жолу жакын кишиден айрылган катуу сокку болду окшойт, “үйлөнбөйм” деп койду. Азыр ошол кезди эстеп, бир чети сагынып ыйлап алдым. Апам каза болгон кезде атам деле жапжаш тура, үч кызды багыш, үй тиричилиги аябай эле оор болуптур. Кир жуугучка баарын аралаштырып жууган экен, мектепке кийген ак көйнөктөрүбүз баары боёлуп калыптыр.
Кийинчерээк улуу эжем жардам берип жүрүп, көп нерсени үйрөндү. Атам жумуштан келгиче бизди карап тамак бышырып, эжемди да турмуш жакшы эле ийледи. Кийин турмушка чыкканда кайненеси “апасынын тарбиясын көрбөсө да аябай жакшы тарбия бериптирсиз, сизге рахмат!” деп атама ыраазычылыгын билдирген.
Булак: Азия News гезити