www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Сириянын түндүгүндө согуш баштоого даяр

Түркия Сириянын түндүгүндө жаңы аскердик операцияга даяр, ал каалаган учурда башталышы мүмкүн, деп билдирди Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калын.

Буга чейин Түркиянын президенти Тайип Эрдоган куралдуу күчтөр өлкөнүн чек араларында антитеррордук операцияларды баштаарын жана бул боюнча жакын арада чечим кабыл алынарын билдирген.

ЖМКлардын маалыматына караганда, операциялар Сириянын төрт аймагында болот. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 8-июнда Анкарага болгон сапарынын алкагында түрк кесиптеши менен Сириядагы кырдаалды талкуулады.

Бир күн мурун эки өлкөнүн коргоо министрлери Сергей Шойгу менен Хулуси Акар сүйлөшүү өткөрүштү.

"Биз мурда Сириянын түндүгүндө операцияларды жүргүзгөнбүз, андан кийин бизге кысым болду. Бирок биз улуттук кызыкчылыктарыбызды гана көздөдүк. Президентибиз абдан так айтты, операция каалаган учурда башталышы мүмкүн. Биз буга даярбыз", - деди Калын Haberturk телеканалынын журналисттери менен болгон маегинде.

Сириянын чек ара аймагында күрт топторуна каршы операцияларды жүргүзүп жаткан түрк күчтөрүнүн болушун Дамаск бир нече жолу мыйзамсыз деп атап, Анкараны аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырган. Америкалык аскерлердин колдоосу менен YPG (Күрдистан жумушчу партиясы) базасында түзүлгөн Сирия демократиялык күчтөрүнүн (SDF) күрт-араб түзүмдөрү Сириянын Аль-Хасака жана Ракка провинцияларынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турушат.

Алеппо жана Дейр-Эзз-Зор провинцияларындагы кээ бир калктуу конуштар сыяктуу. Айрыкча Аль-Хасака жана Камишли шаарларындагы кварталдардын көбү алардын көзөмөлүндө. Расмий Дамаск Сириянын түндүк-чыгышындагы автономиялуу администрацияны тааныбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости