www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-жашта –Атам чыныгы билерман болгон;
10- жашта –Атам барын билбейт, бирок көп нерсе билет;
15-жашта – Атам көп нерсени деле билбейт, көз карашы эскирген;
20-жашта – Атам эч нерсе билбейт, чалдыбары чыккан кайсы бир нерсени айта берет;
30- жашта – Атам бир нерсени чала-була билет окшойт;
40-жашта - Атам бары бир бир нерселерди көп билет окшойт;
50-жашта – Аттиң, атам барын билген гений болуптур, кандай өкүнүчтүү аны көзү тирүүсүндө баалаган эмес экенбиз!
Жеӊген СССР тарап, жеӊилген Германия бирикти. Улуу Ата Мекендик согуш миллиондогон адамдардын ѳмʏрʏн алып кетти. Согуш бʏтʏп жеӊишке жетишкенибизге жетимиш беш жыл болсо да, ошол согуштун тегирмен барасында айланып, нечендер набыт болушкан. Аттиӊ дʏйнѳ, ал согуш болбогондо, алар тукумулап, кыргыздардын саны ѳсмѳк беле деп ойлоп кетем. Кʏлгʏн жаш убагында от кечип канн майданга аттанышкан аталарыбыздын, агаларыбыздын катары азайып калды. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Эсенбаев Келдибекти эскерүү күнү ал менен болгон маекти жарыялап койдук.
«Кан майданда Мукай Элебаев менен нан бѳлʏшʏп жегенбиз…»
Келдибек ЭСЕНБАЕВ, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.
Тенти ОТУНЧИЕВ: Кийинки муун, урпактарыӊыздар сиздердин алдыӊыздарга таазим этебиз. Кѳкʏрѳгʏӊʏздѳрдʏ ДЗОТко тосуп, Мекен деп кан майдандын отун кечип жʏрдʏӊʏздѳр. Бул эми чоӊ тарыхта калчу окуя. Убакыт деген тынымсыз ѳтѳт тура, мына эми жеӊиштен кийинки жетимишинчи жаз келди. Сиздерди улуу Жеӊиш майрамы менен куттуктап кетмекчимин! Ушул согушка аттанып бара жатканыбыз жѳнʏндѳ эсиӊизде калганын айтып берсеӊиз.
Келдибек ЭСЕНБАЕВ: Ошол согуш кара жерге кирсин. Канчалаган адамдардын башын жутуп кетпедиби. Мен Кочкор аскердиик комиссариаты тарабынан ѳзыктыярым менен 1942-жылы кʏзʏндѳсогушка аттангам. Себеби, бар болчу. Атам Эсенбай токсондон ѳтʏп калган. Ошол согуш башталып, узарып баратканда балдарын, неберелерин чакырып алып: «Бул согуш чоӊ алаамат болмой болду. Колуӊарга курал-жарак кармай ала турганыӊар Мекенди коргоого аттангыла. Менин да аркы дʏйнѳгѳ аттана турган убактым келди. Менин кара ашымды, кыркымды, ашымды чогуу ѳткѳзʏп коюп, канн майданга жѳнѳгʏлѳ»,- деп керээзин айтып, кѳзʏ ѳтʏп кетти. Атамдын сѳѳгʏн жашырып, айткандай ашын да кошуп ѳткѳрʏп жашы келип калган агаларым Намазбек, Надырбек ооруктагы жумушка, Турдубек, Турумбек, Ополоӊ, мен канн майданга аттандык.
Тенти ОТУНЧИЕВ: Ушунун баардыгы Эсенбайдын балдарыбы?
Келдибек ЭСЕНБАЕВ: Турумбек менен Ополоӊдон башкасы бир туугандарым болчу. Турумбек Надырбек байкемдин, Ополоӊ Намазбек байкемдин баласы. Экѳѳбʏз бир куракта элек, ѳтѳ ѳткʏр жигит болчу.
Мен билим алып, кызматтарда иштеп калдым эле, ошондуктан, бизди Кушкага (Тʏркмѳнстан) алып барып, командирлик курска бир-эки ай даярдады.
Тенти ОТУНЧИЕВ: Сиз менен чогуу болгондордон эсиӊизде калгандары барбы?
Келдибек ЭСЕНБАЕВ: Бар эмей… ошондо белгилʏʏ жазуучу болуп калган Мукай Элебаев ал мезгилде отузду ортолоп калса керек. Кѳпчʏлʏгʏбʏз он сегиз, жыйырмадагы жаш балдарбыз. Ал киши бизге акыл- наасатын айткан улуу кишидей кѳрʏнчʏ. Менин атам тууралуу сыртынан угуп жʏрсѳ керек. «Эсекемдин баласы турбайсыӊбы»,- деп эркелетип койчу. Менин атам Эсенбай Нарын, Кѳл, Чʏйгѳ кадыры сиӊген эсепчи болгон. Ал мезгилде азыркыдай аба-ырайын прогноздогон мекеме жок болгондуктан, эсепчилер ѳзгѳчѳ кадырланчу. Атам кыш суук болобу, жазында жут болобу жылжыздарга карап алдын ала айтчу да. Ошондуктан, алыстан атама ат арытып келип, жылдын кандай болоорун сурап кетишчʏ экен.
Маектешкен: Тенти ОРОКЧИЕВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Кыргыз Руху» гезити
Эсенбай уулу Келдибекке
Адигине, Тагайдан,
Артык адам далайдан.
Богорстон менен Кылжырдан,
Болжолун айтып иш кылган.
Орозбакты, Дөөлөстөн,
Депутат болуп жөөлөшкөн.
Сүтүке, Сүтөй, Манаптан,
Башкарма болуп эл баккан.
Сарысейит,Тукурдан,
Немецти соккон кутурган.
Олжотай менен Тайлактан,
Эсепти билип жай жаткан.
Карагул менен Чиркейден,
Карышкыр чапкан килтейген.
Качыбек менен Орустан,
Артык иш кылган болуштан.
Кудаяр деген имамдан,
Директор болуп эл алган.
Өз атасы Эсенбай,
Өзбекке аты угулган.
Кадыры өткөн эсепчи,
Казакка аты угулган.
Атын билген жылдыздын,
Атасын билген кыргыздын.
Эсебин билген жылдыздын,
Энесин билген кыргыздын.
Илгерки эле заманда,
Илим билген асмандан.
Тогуз жылы бий болуп,
Топту өзүбашкарган.
Каршылашка түй болгон,
Канча жылдар бий болгон.
Жыйырма бала калтырып,
Токсон жашты ашырып,
Келбес жакка узаган...
Эсенбайдын Келдибек,
Токсон ашып ал дагы,
Дүйнө салган эл билет...