www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Журт” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы чек ара чатагы боюнча өзүнүн “Фейсбук” баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго пикирин билдирди

Саясатчы чек ара чыры боюнча мындай деп жазат:

“Өткөндө Аксайда чек ара чыры чыгып, эки тараптуу кыргыз-тажик протоколу түзүлгөндө,” ошол протоколду бергиле элге, окуп түшүнөлү, себеби тажик тараптын элге берген маалыматы боюнча биз утулуп калып жатабыз” деп канкакшап да ала алган эмеспиз.Мына, бүгүнкү чыр ошол протоколдун негизинде чыгып жатат,себеби ал протоколго биздин жолду “чогуу пайдалануу жолу “деп аташып, ал жолго асфальт төшөөгө тажик тарапка уруксат берилип калган, бул таптакыр биздин мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбейт болчу!!! Мына, кечээ күнү тажик тарап жолду асфальттоону баштап, биздин “Аксай” деп жазылган белгини сүрдүртүп салат, ошондон конфликт чыкты.

Биз бир метр да жерибизди бере албайбыз! Чоңдор мекенчилдик кайда? Колуңардан келбесе бошоткула жооптуу мамлекеттик орундарды өзүбүз чечебиз, керек болсо жаныбызды беребиз! Элимдин тынчтыгы болбосо,жеримдин бүтүндүгү болбосо, эмнеге жашап жүрөбүз !

Урматтуу Президент, чечкиндүү чараларды көрүңүз, дипломатиянын эң жогорку деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүңүз! Элди, укук коргоо жана аскер кызматкерлерди чыр чатакка салып берүүнү токтотуш керек!”

Эске сала кетсек, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришине Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен.  Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон. Жыйынтыгында  17 киши жабыркап,  14үнө ок, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости