www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Шайлообек Атазов бажы кызматынын ишиндеги кемчиликтерге токтолду.

Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында ал өткөн жылы бажы 25 миллиард сомдук планды аткарбаганын эске салды.

"Көптөгөн адамдардын атын атай алабыз, бирок мен сизге бир нерсени айтып коеюн. Ушул эле иш боюнча Рахим Саттаров Казакстандын абагында 4 жыл отурган. Бүгүнкү күндө ал Milan Group жүк компаниясын түзгөн. Ал 1,2 миңге бажы төлөмүн төлөбөйт. Кытайдан, Турциядан жук ташуучу унаалар 1 миллион депозит төлөп, 36 миллионун мамлекетке төлөгөн жок, 36 миллион доллар чогултуп качып кетсе эмне кыласынар?.. Мени суракка чакырбай, бул маселени териштириш керек — деди Атазов.

Эске салсак, Атазов менен Жеңишбек Токторбаев прокуратурада мыйзамсыз аракеттерди жасаганын жарыялашкан. Ошол эле күнү депутаттар Башкы прокуратурага суракка чакырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости