www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мекендештер, менин 18-20 жаштагы кыздардын өлкөдөн чыгуусунда көзөмөлгө алуу тууралуу билдирүүм чет жердеги мекендештерибиздин мага жазган кайрылуусу, сунушу болчу. Мен бул сунушту айтуу менен, мага карата көптөгөн сындарды алдым. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Бүгүн мен кесиптештерим Айбек Осмонов, Марлен Маматалиев менен Ак үйдүн алдына митинге келгендерге чыгып, төмөндөгүлөр боюнча чын жүрөктөн билдирүү жасагым келди:

КРнын Конституциясында бойго жеткен 18 жаштан белгиленүүдө. Ошол эле учурда ал жаш куракта чет өлкөгө чыккан жаштар кордолуп калууда, коопсуздукка камсыздоо жок болуп жатат. Учурда өнүккөн мамлекеттерде 21 жаштан жашы жетти деп саналат  (АКШнын, Европанын тажрыйбасы). Келечекте биз да бул маселени ойлоно турган экен…

Келечекте конструктивдүү сунуштарымды айтууну көздөп жатам. Мен бардык аялзатынын укуктарын сыйлайм. Менин да чоң апаларым, апам, эже-карындаштарым, жубайым, кыздарым бар. Бардыгына чын дилимден жакшылыктарды каалайм, сыйлайм, урматтайм! Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгын сактоо үчүн иштеп келдим жана иштей берем.

Тышкы миграция тармагында татаал, комплекстүү көйгөйлөр бар жана алардын бири, бул чет өлкөгө иштегени кеткен жаштардын тийиштүү билиминин, жөндөмүнүн жоктугу. Айрыкча кыздарга, аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү, ошондой эле келген мамлекеттин аймагында алардын укуктарын сактабоо, өлүмгө дуушар болуу фактылары бар. Бул көйгөйлөр улутубуздун, өлкөбүздүн келечеги үчүн кайгы жана коркунуч жаратат.
Бүгүнкү күндө чет жердеги жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргоо программаларын күчөтүшүбүз керек!

Ошондой эле, өз кезегинде, мен жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууга, аялдардын абалы боюнча коомчулукта актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоого даярмын. Тышкы миграциянын абалын жакшыртуу боюнча коомчулуктун сунуштарына ачык, аялдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдык демилгелерди кабыл алууга көмөктөшүүгө даярмын", - деп жазды депутат Атазов.

Урматтоо менен, депутат Шайлообек Атазов

Булак: NazarNees.kg

Последние новости