www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстанда дагы 410 мектепте ысык тамак бериле баштайт

Быйыл Кыргызстанда 410 мектепте ысык тамак бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июндан тартып өлкөнүн 120 мектебинде ысык тамак уюштуруу боюнча жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуучулар менен бир катар багыттагы жолугушуулар башталды.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Кыргызстанда мектептерде ысык тамак уюштуруу жаатында көп жылдан бери колдоо көрсөтүп келген Мерсико эл аралык коммерциялык эмес уюмунун директору Елена Бурьян жана башка тиешелүү жетекчилер катышууда.

“Республика боюнча 1735 мектеп ысык тамак-аш программасына кирген. Быйыл дагы 410 мектепти тандап алдык. Негизги талап ашкананын оңдоп-түзөөдөн өткөнү жана анда суунун болушу. Ансыз ысык тамакты киргизе албайбыз. Анткени эң негизгиси санитардык талаптар”, – деди Жусупбекова.

Ал эми Мерсико уюмунун директору Бурьян мектептерде ысык тамак-аш уюштурууда Кыргызстанга мындан ары дагы ар тараптуу колдоо уланарын билдирди.

Маалымат үчүн: Мерсико (Mercy Corps) эл аралык коммерциялык эмес уюму 25 жылдан ашык убакыттын ичинде КР Билим берүү мекемелеринде азык түлүктүк жана техникалык колдоо көргөзүп келе жатат. 2012-жылдан тартып Мерсик АКШнын Айыл-чарба департаментинин (USDA) МакГоверн-Доул “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” программасынын аткаруучу өнөктөшү болуп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости