www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук курултай түзүү тууралуу жарлыкка кол коюп, анын жоболору менен курамы бекитилди.

Курултайдын төрагасы болуп өлкө президенти, анын орун басары болуп мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин дайындалды.

Бийлик жаңы коомдук институт деп атаган курултайдын мүчөлөрүнүн арасында Казакстандын эл жазуучусу, акын, коомдук ишмер Мухтар Шаханов, алгачкы казакстандык космонавт Токтар Аубакиров, белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алихан Байменов, ошондой эле журналист, медиаменеджер жана оппозициялык "Дат" гезитинин редактору Ермурат Бапи бар.

Жалпысынан 117 мүчөдөн турган курултайдын курамында ар бир жергиликтүү коомдук кеңештин бирден өкүлү, саясий партиялардын, ири тармактык бизнестин, медицина, билим берүү, илим, маданият, спорт, адам укуктарын коргоо жана башка социалдык уюмдардын өкүлдөрү бар.

Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Кариндин айтымында, курултай жергиликтүү коомдук кеңештердин бардык системасын өзүнө камтыйт.

"Улуттук курултай коомдук консолидацияны бекемдөө жана кеңейтүү боюнча идеяларды издөө жана иштеп чыгуу үчүн диалог платформасы болот. Анда жалпы улуттук баалуулуктардын негизинде коомдук консолидациянын мындан ары өнүгүүсүнө багытталган узак мөөнөттүү маселелер талкууланат", – деди Карин.

Ал ошондой эле Улуттук курултай президентке караштуу консультациялык орган экенин, анын курамы боюнча сунушту президенттик администрация даярдай турганын кошумчалады.

Улуттук курултай түзүү тууралуу мамлекет башчынын бүгүнкү жарлыгы менен Коомдук ишенимдин улуттук кеңеши таркатылды. 2019-жылы июнда Токаев президент болуп шайлангандан кийин түзүлгөн бул органдын мүчөлөрүнүн көбү Улуттук курултайдын курамына кирди.

Маалыматтарга караганда, ушул жумада жакында эле түзүлгөн Улытау облусунда президент Токаевдин катышуусунда Улуттук курултайдын жыйынын өткөрүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости