www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Катар-катар аскерлердин өлүмү элдин эсин кетирди. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов балдардын армияга даяр эместигинен өлүмдөр көбөйгөнүн “балп” эттирди. Негизи бул киши системага адашып эле келип калгандай, министрликке чейин көрүнүктүү иши жок, тек гана көчтүн артында жүргөнү белгилүү. Жаңы бийлик күчкө салып көтөрмөлөп, төрдөн орун берген.
Профессионалдык ишмердиги каралган эмес. Баягы эле өңтааныштык эмеспи. Жыйынтыгында эмне болду? Коргоо министрлиги артка кетти. Чеке жылыткан эмгегин көрө албадык. Тек гана бир сөлөкөт жүргөндөй. Бекболотовдун жогорку кызматка келгени чоң катачылык катары бааланууда. Кол алдындагылар тоготпосо, өзү үлгү жарата албаса, анан армиябызда башаламандык, ыраатсыздык жаралат да, туурабы?
Мына, соңку убакта ата-энелер балдарын аскерге жөнөткүлөрү келишпей, бул жааттан талкуулар жанданды. Чекесинен эле атылып, тепки жеп өлүп жатышса, элестете бергиле... Бирок, Бекболотовдун бети кызарып да койгон жок. Ушул жагынан “эрдиги” бар экен.
Булак: Азия News гезити