Атыр Абдрахматова: «Бул шайлоодо ички мигранттардын укуктары чектелип калды»
Саясат  |   |  520

БШКнын мурдагы мүчөсү, эксперт айым менен маек.

- 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана референдум канчалык деңгээлде реалдуу өттү?

- Болуп өткөн шайлоо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу административдик ресурстун абдан төмөн деңгээлде болгону байкалды. Добуштарды сатып алуу дээрлик жокко эсе болду. Бул октябрда пайда болгон саясий кризистен тез арада, мыйзамдуу, ачык чыгып кетишинин жетишкендиги катары санасак болот.

Анткени, жарандарга эркин, өз каалоосу менен тандоосуна мүмкүнчүлүк берилди. Салыштырмалуу жогорку деңгээлдеги шайлоо болуп өттү.

- Деги эле шайлоонун легитимдүүлүгү тууралуу талашууга негиз барбы?

- Президенттик шайлоонун легитимдүүлүгү тууралуу талаш-тартыш болушу мүмкүн эмес. Анткени, октябрь окуяларынан кийин экс-президент Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укуктарын өз арызы менен токтоткон. Анын негизинде, мыйзамга ылайык, президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болду.

Ал эми добуш берүү күнү кандайдыр бир мыйзам бузуулар тууралуу шек санаган талапкерлер болсо, алар шайлоодон кийин үч күн ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына кайрылып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетин көрсө болот. Эгер негиздүү далилдер болсо, сотко чейин кайрылууга укуктары бар.

Бирок, менин кылган мониторингим боюнча, талапкерлер өз байкоочуларын баардык тилкелерге койгон эмес. Көбүнчө коомдук уюмдардын байкоочулары отурушту. Тилекке каршы, коомдук уюмдардын арыз-даттанууларды берүүгө укугу жок. Бул шайлоодо техникалык мүчүлүштүктөр өтө көп болду. Анткен менен алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло албайт.

- Шайлоочулардын пассивдүүлүгүнүн себептери эмнеде деп ойлойсуз?

- Шайлоо процесстерине ишенбестиктин жогору экени. «Добуш берүүнүн жыйьштыктары бурмаланат» деген ишеним элде калыптанып калганы. Ушул шайлоодогу үгүт иштери учурундагы мыйзам бузууларга дагы убагында ачык-айкын чара көрулгөн жок. Бул дагы шайлоочулардын аз катышканынын бир себеби болуп калды. Мурдагы шайлоолордо акчага добуш сатып алуу күч болгону да айкындалды.

Ички мигранттардын көбү бул шайлоого катыша албай калышты. «Форма-2нин» жоюлушу туура чечим болгон. Бирок, анын ордуна альтернативдүү мүмкүнчүлүк түзүлүп берилиши керек эле. Эң ириде жарандардын шайлоого болгон укуктары чектелбеши маанилүү болчу. Тилекке каршы, буга чейин сырттагы мигранттардын шайлоого болгон укуктары чектелип келсе, мында ички мигранттар да аларга кошулду.

Булак: Азия News гезити

Поделитесь с друзьями