www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кычкылдуу кеп айрыкча бийликтегилерге жакпайт. Ошентсе да коомчулукту бүкү-түкү кылган тескери ишти айтып койбосок калыстык болбойт. Эмне үчүн элдин кызыкчылыгын артка түрткөн парламенттеги эл өкүлдөрүнүн жосунсуз жоруктарына көздү жумуп отура беришибиз керек? Ансыз да жек көрүндү болуп бүткөн парламентти карапайым элдин эсебинен бага берип аларды “шишитип” жибербедикпи?

Маселен, булар ордунан жылбай кала берсе дагы 750 миллион сомго чыгым болорубузду эсибизге түйүп коёлу. Жалаң байлардан куралган ашка-жүк, башка жүк парламенттен деги качан кутулабыз? Төөнүн куйругу жерге тийгендеби?

Ооба, буларды таратуу боюнча демилгелер чыгып жатат, бирок, өтө ынанымдуу эмес түрдө. Ошондуктан биринчи адамдын мээримине магдыраган депутаттар келечектеги пландарын токуу менен алек. Анткени кимдин чачпагын көтөрсөк мандат алабыз деген суроо буларды ойго салып турган учур. Төрагасы жарытпаган соң башкалары кыйратмак беле деген омоктуу кептин чындыгы бар. Тилекке каршы маңдайга тике карап чыккан күч азыр жокко эсе болуп турат. Баары эле жөргөмүштөй болуп өзүнө ыңгайлуу желени токууга аракетин жумшоодо.

Бул албетте, абдан кооптуу экенин да эске сала кетели. Негизи миллиондогон акчалар талаада жатыптырбы, келгиле жараксыз парламентти кутулуунун жолун табалы, - дейт "Ачык сөз" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости