www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Таабалды Тиллаев Атамбаевден кол тийбестик макамы гана алынгандыктан, аны мамлекеттик кайтарууга алууну уланта берүүнү туура деп эсептейт.
"Атамбаев азырынча мамлекеттик кайтарууга, жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматтын коштоосуна укуктуу. Анткени, Жогорку Кеңеш анын кол тийбестигин гана алды. Ал экс-президент боюнча турат. Мамлекеттик кайтаруудан соттун чечиминен кийин гана ажыратылат. Парламент азырынча тергөө чараларын жүргүзүүгө уруксат берди", - деди ал.
Ал эми депутат Асель Кодуранова укуктук коллизия түзүлгөнүн, Атамбаев экс-президенттик макамдан ажыратылдыбы, же жокпу, түшүнүксүз болуп жатканын айтууда.
"Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдо эки пункт болгон: кол тийбестикти жана экс-президенттик макамды алуу. Бирок, Атамбаевде дагы деле мамлекеттик кайтаруу жана жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматтын коштоосу калды. Юристтер менен да кеңешип көрдүк, парламент кандай чечим чыгарганы белгисиз бойдон калууда", - дейт депутат айым
Булак: Майдан.kg