www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жашынып алып, “жатып өлгөнчө, атышып өлөм” таризинде позицияны карманып, бийликке атырылганы анын айла кеткендеги кадамыбы?
АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараары айтылууда. Мындай шартта сиз экс-президентти колдойт белеңиз, деги эле ага эмне кеңеш бересиз? деген суроого медиа - экспертчи, Ырысбек Өмүрзаков: "Атамбаев ит талаган чөөнүн кейпин кийди", деп Майдан.kg гезитине өз пикирин айткан.
"Алмазбек Атамбаев 2009 - жылы Бакиевди кетирүү кампаниясын баштаганда эле, өзүн ГКНБга барып, Коомдук кабылдамада чай ичип, көрсөтмө берип чыккандан кийин да “Саясий куугунтук токтобосо, бийликти кантип кетирүүнү мен билем. Мен баланда менен парашаны көргөн адаммын”,- деп айтканы бар.
Анда Бакиев: “Бийлик күчүнө кирди, өзүн курал менен болсо да, коргогонго кудурети жетет”,- деп айткан эле.
АША ошол бир жолу пландаштырып курал пайдаланып жасаган төңкөрүштү Жээнбековдун эсине салайын, деген максатта айтса керек.
“Өлөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт”,- дегендей, өлчү саясатчы мамлекетти коркутуп былжырай баштайт. 2010-жылындагыдай Россия АШАга ачык жардам бере албайт.
Орустар: “Борбордук Азияда өз алдынча саясат жүргүзчү президентин бизге кереги жок”,- деп да айта албайт. Азыр алардын максаты – Кавказ, Грузия...
Биздеги болгон стратегиялык чоң мааниси бар объектилердин баарын бир долларга сатып алып, же бекер эле алып койгон. Ошондуктан Атамбаев Россия үчүн “иштелген саясый материал”,- деп атап койсо болот.Башка шериктеш мамлекеттер менен мамилени бузган. АША өзүн сактап калуу үчүн элди бөлүп-жарып, бийликти алып түшүүгө да бараарын айтканы, айла жоктун иши.
Мисалы чөөнү итке алдыртып, талатканда, куйругун көчүгүнө кыпчып качат. Ошондо да каңшылап, үрүп-үрүп, айланып кайда барарын билбей, иттерге атырылып качат. Ошол АША ит талаган чөөнүн кейпин кийди. Ал эми чөөгө жардам берем деген жаныбарлар болобу? Болбойт.
Мындай шартта, экс-президенти колдойм деген адам өзү адамзаттагы чөөгө окшошуп калып жатпайбы. “Жээнбековдун позициясы түшүнүксүз”- деп айткандар четтен чыгып жатат.
Бирок, ажо сөзүн, АША ит дейбизби, чөө дейбизби, айтор ошол неме үрүп бүткөндөн кийин сүйлөйт. Мыйзам негизинде, АШАнын жасаган иштери боюнча - барар жери түрмө. “Тарых кайталанып кетеби”,- деп да кээде корком.
Жээнбеков Бакиевдей, Атамбаевдей чөөлөргө “оппозиция курал пайдаланаарына ишенбейм. Кан төккөнгө барышпайт, мен алардын көбүн жакшы тааныйм”,- деп айтса, бу бир чоң коркунуч болот.
Демек, Атамбаевди сүйрөп барып эле камап коюу керек. Ушунун авторитети Текебаев же Жапаровдукунан чоң деп ойлогон адам деле жок болсо керек.
“АША түрмөдө, эч ким акча төлөбөйт”,- деп тарапташтары ар тарапка тарап кетишет. Ал боло турган нерсе", деген Ырысбек Өмүрзаков Майдан.kg гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg