www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясына караштуу «Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун» мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевскийдин жакындары 30-июнда бийликке ачык кайрылуу жолдошту.

Анын энеси Римма Петрушевская менен жубайы Татьянанын видеокайрылуусу президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Мелис Турганбаевге, акыйкатчы Токон Мамытовго багытталган. Анда алар Петрушевскийдин ден соолугу начарлап экенин, буга чейин бир нече операцияны баштан кечиргенин айтып, сотко чейин жашашы үчүн абактын ооруканасына которууну өтүнүшкөн.

Быйыл 6-июнда "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде кармалган Алексей Петрушевский Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган. Бирок 27-июнда Бишкек шаардык соту аны кайра 6-августка чейин тергөө абагына которду. Актоочу тарап соттун чечимине макул эместигин билдирүүдө.

Мартта ал кызматынан бошотулган. Анын алдында мэрияда атайын түзүлгөн комиссия Петрушевский жетектеген борбордо "тарбиялангандардын саны аз, аларга бюджеттен бөлүнгөн акча бекер эле коромжу болуп жатат" деген негизде имаратты бала бакчага айлантуу боюнча демилге көтөргөн. Петрушевский бул жерде "жеке кызыкчылыктар бар" деген оюн билдирип келет.

Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордо азыр 21 бала жашайт. Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости