www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан алакандай мамлекет болгондуктан Ак үйдөгү  саясый шыбырттар желдей тарайт. Алсак жакында эле Кыргызстандан чыгып кеткен  саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келет деген имиштер тараганда Ак үйдүн ичиндеги аткаминерлер экиге бөлүнө калып, Бабановдун келээрин чыдамсыздык менен күтүп, алдыда саясый жаңылыктын болооруна үмүттөнүшкөн.

Тилекке каршы ошондогу көпчүлүк аткаминерлердин Бабановго карата саясый жүрүшү торго түшүп тилегин таш капкан.

Чындыгында азыркы бийликтин саясый күрөшү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тагдырына коёндой окшош. Бирок ошол эле эки президентти саткан  майда “саткындар” ушул эле эки президенттин айланасында жүргөндөр.

Так маалымат катары айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жанына барып кошулду.

Албетте бул кадам Айбек Азыранкуловдун бул кадамы өзүнүн жеке иши. Бирок так эле ушул “сулуучымал” кара тору келген Айбек мырзаны Курманбек Бакиев колдоп, жаш кадр катары өстүргөн. Тилекке каршы 2010-жылы Бакиевди сатып кеткендердин арасына так ушул Айбек Азранкулов дагы болгон. Демек, Айбек мырза үчүн “сатып кетүү, таштап кетүү” адаттагы көрүнүш.

Эске сала кетсек, Айбек Азыранкулов 2018-жылы 27-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган. Кызык, ушул бийликтегилер президентке акыл айтчу кишини тапкан экен да.  

Баса, Айбек Азранкуловго мүнөздөмө бере турган болсок,  ал коркок, чечкиндүү эмес, көлөкөдө өскөн, эки жүздүү, ал тургай ажаатканага барганда шымын ойлонуп чечкен, эрки жок "чечкенсиз" жигит.

Азыр, Алмазбек Атамбаевдин жанында эки эле кыйын саясатчы болсо, басма-сөз тармагында Кундуз Жолдубаева гана. 

Булак: NazarNews. kg

Последние новости