www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент А. Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайына түн жамынып барып жүргөндөрү маалымат булактарына жарыяланып кеткенден кийин УКМКнын экс-төрагасы А. Сегизбаев жана экс-ИИМ министри У. Исраилов мурдагы “кожоюнунун” үйүнө күндүзү ачык барышып, аны колдой тургандыктарын билдиришти. Бул тууралуу ТРИБУНА жазып чыкты.
Бул экөө тең АШАнын колунан “илбирс секирик” менен генералдык чинди алышкан. Болбосо, экөө тең мындай жогорку аскердик чинге жетүү үчүн бир топ татаал жол, тайгак кечүүлөрдү ашышы керек эле. Алардын колуна генералдык чин “алтын балыктын” белегиндей эле тийип калган.
Өздөрүнүн Кой-Ташка барып, АШАнын мыйзамсыз аракеттерин колдоого алабыз дегендери менен дагы бул экөө генералдык чинге татыксыз экендиктерин көрсөтүштү. Чыныгы генералдардын бекем принциптери болот, алар эч качан ызы-чууга катышпайт. Өзгөчө мамлекеттин бүтүндүгүнө, элдин ынтымагына доо кетирүүнү көздөгөн бузукулук аракеттерди колдомок турсун, тескерисинче андай аракеттерди жоюуга аракет кылышмак. Тилекке каршы, Сегизбаев да, Исраилов да “фальшивый” генералдар экенин далилдешүүдө.
Булак: NazarNews.kg