www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Укук коргоочулар мен, Анарбай Орозов жубайы Базаркул Тургунбаева айыл өкмөтү менен бирге, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Муззафар Исаков Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу 300 жер тилкесин өз кызмат бийлигин пайдаланып, айыл өкмөттүн жерин жең ичинен мыйзамсыз сатып жибергендигин коомчулукка кабарлаганбыз.

Буга чейин дагы Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү укук коргоочулар менен бирге Жалал Абаддагы областтык прокурор Кылычбек Токтогулов кылмыш ишти жаап жашырып келгендигин жар салганбыз.

Прокурор Кылычбек Токтогуловдун жардамы менен мурунку аким Нурболот Мырзахметов, азыркы ӨКМ министри убагында кол кабыш кылып каймагын калпып келишкен.

Кийин айтылып келген шерлердин жардамы менен Муззафар Исаков КР ЖК депутаты болуп парламентте олтурган. Акыры журналистерге жана укук коргоочуларга Кылычбек Токтогулов, милиция аркылуу провокация уюштуруп, Анарбай Орозовду камап кыйнап, өлүмдөн араң калган эле, камалып түрмөнүн запкысын тартып, акыры өмүрүбүздү курмандыкка чалып, чындыкка жеттик.

Жергиликтүү ММКнын басымы менен экс-депутат Муззафар Исаковдун кылмыш иши ачыкка чыкты. Башкы прокуратура айласы кеткенден кылмыш ишти көпкө жашырган жок. Анын үстүнө мурдагы президент Атамбаевдин коррупциялык бийлиги кеткенден кийин кылмыш иши тергелип, Жалалабад областтык соттук коллегия Муззафар Исаковдун кылмыш ишине чекит койду.

Биздин чырылдаган үнүбүздү элге жекирген “Азаттыктын” эмгегине ыразычылык билдиребиз.

Укук коргоочу, Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости