www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


2019-жылдын 23-24-июнь күндөрү болжол менен түнкү маалдан таңкы саат алтыларга чейин Баткен облусунун Кадайжай районунда “Honda Jazz”, “Honda Fit”, “Honda Accord”, “Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү автоунаалардын ичинен буюмдарын уурдап кетишкен фактылар катталган. Жергиликтүү ички иштер органдарына арыз менен Кадамжай шаарынын жана Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын алты жашоочусу кайрылып, автоунаанын ичинен капчыктарын, акча каражаттарын, кийимдерин жана автоаксессуарларын, автомагнитолун, чехолдорун жана башка буюмдарын уурдап кетишкендигин билдирген. Андан сырткары, кылмышкерлер эки автоунаанын ичинен банк карточкаларын уурдап, банкоматтагы эсептен акча каражаттарын чыгарып кетишкен. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар КЖБРге катталып, Кадамжай РИИБи тарабынан уурулук фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзө башташкан. Аталган кылмыш ишинин бетин ачууга багытталган иш-чаралардын натыйжасында Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр аныкталды. Башында, ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү шектүү унаа шаардын көчөлөрүндө жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, “Жигулинин” номуру башка унаага тиешелүү экендиги такталган. Мамлекеттик номердин ээсин такташканда, ал Оштун жашоочусу (аял киши) болуп чыгып, “Ауди” үлгүсүндөгү автоунаа өткөн жылдын күз айынан бери техникалык тейлөө станциясында ремонтто экендигин билдирген. Андан соң, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлери эки автоунаанын ичинен уурдап кетишкен банк карточкаларынан ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаарынын Молодежная көчөсүндөгү жергиликтүү банктын банкоматынан айлык маянаны чыгарып алышкан шектүүлөрдүн өздүгүн аныкташкан.

Маалым болгондой, бул автоунаалардын ээлери күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү болгондуктан банк карточкасын сыр белгиси менен капчыкта алып жүрүшкөн. Кийинки иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Кадамжай РИИБдин кызматкерлери жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар мурда соттолгон эки жаранды кармашкан. Азыркы учурда Ош облусунун 1991-жылы туулган Ж.у.С. аттуу жашоочусу 2018-жылы Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 172-беренесинин негизинде 3 жылга, Ош шаарынын 1995-жылы туулган А.у.М. аттуу жашоочусу 2019-жылдын март айында Өзгөн райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча 5 жылга эркинен ажыратылышканы менен эки жаран тең жазаларын толук өтөй элек.Азыркы учурда соттун чечими менен экөө эки айга камакка алынышты. Кылмышкерлер айдап жүргөн “ВАЗ 2107” автоунаасын жана жолтандабасты текшерүү учурунда автомагнитол, чехол, көздөрү кесилген беткап, ачкычтардын топтому, балта, домкрат, ширетүүчү аппарат жана башка буюмдар табылган. Табылып алынган буюмдар боюнча кармалган жарандар дагы жаңы кылмыш иштерин жасоого аракеттенип жатышкандыгын түшүнсө болот. Ошондой эле, кошумча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ж.у.С. аттуу жарандын Кара-Кулжа айылындагы үйүнөн мыйзамсыз сакталган ок-дарылар табылып алынды.

Аныкталгандай, шектүүлөр техникалык тейлөө станциясынын жумушчусу катары бардыгына өздөрүн тааныштырып, ишенчээк жарандар болсо “ВАЗ 2107” автоунаасын жана жолтандабасты ташташканда, алар номурларын алмаштырышып, каалагандай колдонуп жүрүшкөн. Азыркы учурда Баткен облусунун Кадамжай РИИБи уурулук фактылары боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн жүргүзүп жатат. Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости