www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Ишкер Жалил Атамбаевдин иши боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы тапта Жалил Атамбаев боюнча фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүүдө. Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилүүдө.

Маалым болгондой, буга чейин  «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган ишкерлер» аттуу видеоиликтөөсү жарыяланган. Анда Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен 40 миллиардга жакын сом түшпөй жатканы айтылып, арасында ишкер Жалил Атамбаевге таандык бир нече ишканалардан салык чогултулбай жатканы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости