www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бишкектеги Михаил Фрунзе үй-музейиндеги 104 буюм-экспонаттын аталыштары китепченин тизмесинде бар, бирок текчеде жок. Бул тууралуу музейдин жетекчиси Бакытбек Бакчиев маалымат каражаттарына билдирди. Айтымында, буюмдар союз мезгилинде эле жоголгон. Алардын жок экендиги 2014-15-жылдары экспонаттарды каттоо (инвентаризация) учурунда билинген. 

Буга чейин тарыхчы, коомдук Чынара Жакыпова улуу кол башчыга таандык делген алтын саат, канжардын баалуу таштары жана башка экспонаттардын жоголгонун айтып чыккан. Бакчиев: “мисалы, Михаил Фрунзенин алтын сааты 1969-жылы эле жоголуптур. Бул боюнча түшүндүрмөлөр жана буйруктар бар. Бирок, КРдин “Музейлер жана музей фонду” жөнүндө мыйзамына ылайык мамлекеттик католог жок музейден эч нерсени өчүрүүгө болбойт экен. Андай католог Кыргызстанда эч качан болгон эмес. Анын айынан бизде аты бар, заты жок буюмдардын тизмеси өчүрүлбөгөн бойдон турат” -деп билдирет.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости