www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


«Атамбаев өзүнүн жаназасын өзү окуду». Мындай пикирин Олжобой Шакир жергиликтүү De-факто гезитине берген маегинде айтты.

--Учурда интеллигенция өкүлдөрү менен аттуу-баштуу аксакалдар Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдештириши керек деп былжырагандардын кебинде логика барбы эй, жолуң болгурлар! АША азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?! Адам сыягынан айрылган АША менен Сокени элдештирип койсоңор эле баары өз ордуна келип калмак беле? Экөөнүн андай ынтымагынын элге эмне кереги бар. Биз ушундай "наивный", ушунчалык дөдөй сунуштарга көңүл бурган бечара калк болдукпу?! Кезинде АШАңар өз алабармандыгы менен кандай гана жийиркеничтүү саясат жүргүзгөн жок - ушуну түшүнүүгө ашынган деле акылдын кереги жок го…

Ал өз жаназасын өзүнө окуп, саясий «труп» болуп калгандан кийин кайра аны «тирилтип» алгыңар барбы?! Анда азыр түрмөгө камалбай калыштын бир гана жолу калды. Дегеним, эми ал Кой-Таштагы "партизандарынын" колунан эч нерсе келбей калгандан кийин "дуракка сот жок" деген шылтоону бетине карманбаса болду. Себеби жазуучулар арасында Атамбаевдин колунда психикалык оорусу бар деген справка тээ илгери эле болгону айтылып келет. Айтты-койду дейсиңер, АШАны абактан сактап кала турган ошол справкасы эле калды окшойт колунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости