www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги Борбор Азия чөлкөмүнүн күчтүү жана туруктуу болушун каалайт. Ал үчүн жакырчылык менен күрөшүп, аялдардын укуктарын коргоо жаатында иштер жасалышы керек.

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Бишкекте 7-июлда ушундай пикирин айтты.

Могерини Кыргызстандын баш калаасында «Европа Биримдиги - Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна келген.

Ал жыйындын жемиштүү болгонун белгиледи. Буга мисал кылып Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жаңы келишимдин даярдалышын, Түркмөнстанда Евробиримдиктин өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу келишимге кол коюлганын белгиледи.

Могерини Евробиримдик инвестициянын чоң булагы экенин, экономикалык колдоо улана берерин кошумчалап, Борбор Азия чөлкөмүндө ишеним жараткан жаңы мүмкүнчүлүктөр байкалганын билдирди.

Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жолугушуу жыл сайын уюштурулат.

Быйылкы 17-июнда кабыл алган кызматташтыктын жаңы стратегиясы талкууланды. Жаңы стратегия коопсуздук, социалдык-экономикалык алаканы бекемдөөнү көздөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости