www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкалаабыздагы эң атактуу университет болуп эсептелген АУЦАнын ректору Эндрю Качинс жакында жумушунан кеткени кабарланган. Март айында Дубай шаарынан почта менен келген депрессияга каршы дарылардын арасында психотроптук бир канча таблеткалар табылгандан кийин кылмыш иши козголуп, ал киши аргасыздан ээлеген ордун бошотуп бермей болгон.
Жакынкы күндөрү Бишкекте сот өтүп, жазасын алат. «Андан кийин АКШга кайтып кетем» деген үмүттө жүргөнү кандай? Кызык бирок башкада. Көрсө, кадимки ыраматылык кинорежиссер Болот Шамшиевдин уулу Чыңгыз азыркы күндө АУЦАны жетектеп, каалагандай башкарып алыптыр.
«Чыңгыз жакында АУЦАда ачылган техникалык мектептин баардык мүлкүн Чехияда турган апасы Айтурган Темировага каттатып, ошондон жеке киреше таап атыптыр» деген маалымат тарады, чынбы? Дагы бир имиш сөздөргө таянсак, бул ишти ачыкка чыгарып баштаган Качинс мырзаны да Чыңгыз Шамшиев атайын милийса менен сүйлөшүп, иштен айдаганга жетишиптир. Шумдугуң кургур!
Булак: Азия News гезити