www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор Азиядагы Америка университетинин экс-президенти Эндрю Качинс Жазык кодексинин эки беренеси боюнча күнөөсүз деп табылып, бирок Жоруктар кодекси боюнча айып пулга жыгылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту кабарлады. 

Соттун өкүмү 15-июлда, чыккан. Эндрю Качинс Жазык кодексинин 270-268-беренеси, тагыраагы, "Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн аларга атайын эрежелер белгиленген предметтердин контрабандасы" жана "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо" беренелери менен күнөөсүз деп табылган. 

Бирок ал Жоруктар кодексинин 123-беренеси ("Сатуу максаты жок анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо") менен күнөөлүү деп табылып, 60 миң сом айыпка жыгылган. 

"Өкүм күчүнө кирип, аткарылгандан кийин Эндрю Качинс эл аралык келишимдерде жана өлкө мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызстандан АКШга чыгарылды", — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, Эндрю Качинс 2021-жылдын апрель айында ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылган. Буга 12-март күнү Эндрю Качинс аты жазылып, университеттин дарегине Дубайдан жөнөтүлгөн посылканын ичинен баңгизат чыкканы тууралуу материалдарды Бажы кызматы ИИМдин Тергөө кызматына жибергени себеп болгон. Посылканын ичинен табылган таблетка, капсулалар экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында курамында психотроптук зат бар экени аныкталганы айтылган. ИИМ университеттин президентин күбө катары суракка чакырып, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат жаздырып алган. Кийинчерээк өзү Кыргызстандан кетүүнү пландап жатканын айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости