www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Авазбек Аманбеков Ханчжоу шаарында өтүп жаткан 19-жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, спортчу 56 килограмм салмак категориясында беттешти. Алгач Авазбек Аманбеков непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда таиландтык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан.

Жарым финалдык беттеште спортчу филиппиндик спортчуга 2:0 эсебинде жеңилип калган.

Белгилей кетсек, бул байге кыргыз ушу саньда тарыхында спортчулардын жайкы Азия оюндарындарындагы алгачкы медалы болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости