www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

- Биринчи айым Айгүл Жапарова;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президентти Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости