www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Молдо «алла» дейт, сот «пара» дейт

УКМК төрагасы соттордун айыбын ачып, 100 миң долларлык «жиптерде» жүрөрүн, хансарайларда жашай турганын айткан. Карапайым калк тишинин кирин соруп жашап жатканда бул көрүнүш кандай? Эл тойсо да соттор тойбогон немелер экен, булар чалчаңдашып чет мамлекеттен эс алышат экен. Кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук. Соттордун шубасы 5 миң доллар (415 000 сом), өтүгү миң доллар (84 500 сом) экен. А унаасы 100 миң доллар (8 млн 300 миң сом).

Парламент депутаты Масалиев учурунда Жогорку Сотко төрага болгон Замирбек Базарбековдун 2016-жылы судья болгонун, кийин Садыр Жапаровдун адвокаты экенин белгилеген, ал эми 2020-жылдын 25 декабрында Жапаров менен камералаш, ал кездеги президенттин милдетин аткаруучу, экс-спикер Мамытов Таланттын таланты менен президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектеп Атамбаевдин убагындагы жел тийбес Манас Арабаевдин ордун ээлеген. 2021-жылдын июнунда Жогорку Соттун судьясына айланган. Каржы министрлигинин айтымында орто эсеп менен судьялардын айлыгы 81 000 сомдон 160 000 сомго көтөрүлгөн. Ал эми 3000 же 5000 сом алган пенсионерлер эптеп-септеп оокатын кыла бериш керек. Ачка элди, «акча» соттор мүлжүп жешеби? Эл жакырданып, соттор байып бараткандын себеби коррупциядан уламбы? Соттор мурун эле «сол» тараптан тапкан пайдалары үчүн элден өзгөчө жашап келишкен. Эми 160 миң сом алып жатабыз дешип ачык эле элден айырмаланып  жашай башташабы?

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы “И.Н.А.” опузалап акча талап кылып, алгандыгы үчүн кармалды. 

Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, чындыгында соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы, алардын кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды.

Ошол эле учурда, судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Белгилей кетсек, акча каражатын алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн.

Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган.

Ошону менен бирге, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардык колдо болгон маалыматтарды, анын ичинде судьянын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылган акча каражаттарын алуу жана адалдоо боюнча “белгиленген коррупциялык схеманын иштешин”, судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин акча каражатын алганын тастыктаган көрсөтмөлөр алынды.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы “И.Н.А.” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын 26-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости