www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дагы бир казино ачууга лицензия берилди

"Достук" мейманканасында "Кристал" казиносу иштеп баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалык 6-июлда «Кристалл казино» ЖЧКсына «Кристалл» казиносунда кумар оюндарын жүргүзүүгө лицензия берип, мекеме иштеп жатат.

Лицензия берүү үчүн мамлекеттик бюджетке 84 миллион сом түшкөн.

Юстиция министрлигинин ачык маалыматы боюнча, "Казино Кристал" жоопкерчилиги чектелген коому 2023-жылдын 1-мартында кайра каттоо процедурасынан өткөн. Ишкананын юридикалык дареги – Бишкек шаары, 7-кичи район.

ЖЧКнын негиздөөчүлөрү Уметалиев Сүйүнбек Камчыбекович, Айткулов Назим Майрамбекович, Асанов Чубак Дамирович. Жетекчиси - Масалбеков Арсен Масалбекович.

Кошумчалай кетсек, Госсфиннадзордун сайтында ведомство жайгашкан жердин өзгөргөндүгүнө байланыштуу кумар оюн жайларын түзүү жана тейлөө жана кумар оюндарын уюштуруу үчүн "Букмекерская контора "Траст гейм" ЖЧКсына мурда берилген лицензияны кайра чыгарганы белгиленген.

Эске салсак, алар "Достук" мейманканасына казино ачууну көздөп жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирген. Анын айтымында, Эмил Кызаев жетектеген Профсоюздар федерациясы "Достук" мейманканасынын экинчи кабатынын ижарачылары менен түзүлгөн келишимди бузуп, ал жерге казино ачууга уруксат берген.

– Жеке сиз казино ачууга кызыкдарсызбы, мындан профсоюзга канча пайда түшөт? – деп сураган Айдарбеков.

Анда федерациянын төрага орун басары "Достук" мейманканасы акционердик коом экенин, ишкананын 53,7% үлүшү департаментке, калган үлүшү жеке адамдарга тиешелүү экенин айтты. "Мейманкананын өзүнүн кеңеши бар, ал чечим кабыл алат", - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости