www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылы жашы жете электерди зордуктаганы үчүн соттолгон 88 адам шарттуу түрдө бошотулган. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал мыйзамды катаалдатып, кылмышкерлерди шарттуу түрдө бошотпоону талап кылды.

"Эми таң каласың. Пробация департаментинин жана Жогорку Соттун маалыматы боюнча 2022-жылдан бери 88 адам шарттуу түрдө бошотулган. Эки жыл ичинде 100дөн ашык адам "Зордуктоо" беренеси менен бошотулган. Алар өспүрүмдөрдү зордукташкан. Эркиндикке чыккан зордукчулар жабырлануучуга кайтып келип, кайра зордуктаган учурлар болду. Зордукталган кыздын боюна бүтүп калган учурлар болду. Зордуктоо үчүн жазалоо мыйзамын катуулатыш керек, мындай беренелер боюнча пробация иштебеши керек. Парламент бул катаалдаштырууну экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алат деп ишенем”, - деди Акаев.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости