www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австралияда колдонуучунун тапшырмасы менен иштеген жасалма интеллект спорт клубунун брондоо системасындагы коопсуздук кемчилигин таап, башка адамдын кезектеги бронун жокко чыгарган.
ABC News маалымдагандай, Эндрю аттуу австралиялык ИИ-ассистенттен спортзалда машыгууга орун брондоп берүүнү суранган. Бирок ИИ системадагы авторизациянын кемчилигин пайдаланып, Эндрюну бир нече жумага алдын ала жаздырып, кезекте турган башка адамды алып салган.
Кызыгы, Эндрю ИИге башка адамдын бронун жокко чыгарууну тапшырган эмес.
Адистер бул окуя өз алдынча чечим кабыл алып, аракет жасай алган ИИ-агенттердин коопсуздугу боюнча олуттуу суроолорду жаратарын белгилешүүдө. Австралиянын мыйзамдарында мындай учурда жоопкерчиликти колдонуучу, программаны иштеп чыгуучу же ИИ моделин түзүүчү ким тартаары азырынча так аныкталган эмес.