www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автобус кабылган жол кырсыгынан эки адам реанимацияга түштү

Бишкекте жүргүнчү ташуучу автобус жол кырсыгына кабылып, жыйырмадан ашуун адам жабыркады. Окуя 29-октябрда Чыңгыз Айтматов атындагы көчөдө, Түштүк магистралы менен кесилишкен жерден өйдөрөөк жакта болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, тогуз бала балдар ооруканасына кайрылып, амбулатордук жардам алгандан кийин үйүнө жөнөтүлдү.

Чоңдордон 12 адам Травматология жана ортопедия борборуна кайрылышкан. Алардын экөө сынык жараат менен реанимацияга түштү, абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат, төртөө травматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы канааттандырарлык.

Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттык” радиосуна билдиргендей, баштапкы маалымат боюнча, №8 автобус Чыңгыз Айтматов көчөсү менен жогору бара жатып, жол четиндеги даракты сүзүп алган:

“Астынан бир автоунаа чыгып калган экен. Ошондон буйтап өтөм деп жол жээгиндеги даракты сүзгөн деген маалымат бар. Аны да азыр такташтырып жатабыз. Автобус убактылуу токтотуучу айып жайга коюлду. Тийиштүү экспертизалар дайындалды”.

Кыргызстанда быйыл жети айда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болгон. 2020-жылы 6126 жол кырсыгынан 754 адам каза болгон (анын 93ү бала).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости