www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Айни районунда автобустун сайга кулап кетишинен алты адам каза болду. Бул тууралуу 1-майда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

«Hyundai Starex үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Айниден Пенжикент шаарын көздөй бара жатып, рулду башкара албай калып, 200 метр тереңдиктеги сайга учуп кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар альпинисттик жабдуулардын жардамы менен сайга түшүп, айдоочунун жана беш жүргүнчүнүн сөөгүн алып чыгышкан. Ошондой эле, эки баланы жана бир аялды сактап калууга жетишкен. Алар ар кандай жаракаттар менен Айни шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости