www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам иштебеген, өң карама, тандалма саясат жүргөн өлкөдө башаламандык өкүм сүрөт. Элдин укук коргоо органдарына болгон ишеними төмөндөп, ар ким өз бетинче билгенин жасай башташат. Бул жагдай мамлекеттин фундаменталдык укуктук мыйзам ченемдерин кыйратат. Жоопкерчилик жоголот. 

Мына Таластагы мал базарда чөнтөкчүнү мамыга таңып жазалоо окуясы, түпкүлүгү кооптуу көрүнүш. Бирөө бирөөнү чагым кылып деле, "ууру" деп жалаа жапса, караламан көпчүлүк кеп-сөзгө келбей, ак жеринен бирөөнү жазалап, абийирин кетирип, ден соолугуна, өмүрүнө залал келтирип коюшу мүмкүн да. Мунун баары мыйзам иштебегендиктен, укук коргоо органдарына карапайым калктын ишенбей калганынын кесепети. Минтип ар ким өздөрү билгендей, өздөрүнүн түшүнүгүнө жараша жазалоого өтсө, накта ошондо башаламандык болот. 

Андыктан бийлик төбөлдөрү мыйзамды буйлаланган төөгө айланткан түшүнүк менен жашаганды токтотушу керек.

Экинчиден, карапайым калк майда иштерге аябай чуу түшүп, миллиондоп, миллиарддап зыян кылгандар жүрүшөт тайраңдашып, ошолорго анчейин маани беришпегени өкүндүрөт. 

Ошондой эле, чөнтөкчүгө аалам аңтарылгандай айкырык салгандар, Нарындагы 7 жаштагы көчөт кызды зордуктап, өлтүрүп салган 64 жаштагы айбандын үрөй учурган жоругуна кайдыгер болушкан коом алдыга жылбайт.

Ушул көрүнүштөрдүн баары мыйзам иштебегендиктен болуп жатат. Адам укугу тебеленип, мыйзам шалга айлангандын кесепети.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости