www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова Кемпир-Абаддын айланасындагы чуу боюнча камалган аялдар боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

"Кыргыздын кыздары кыйын... Аскар Акаевди ар тараптан Чолпон Баекова колдоп келген... Эгерде А. Акаев укканда Чолпон эжени, балким мамлекетибиздин, Аскар Акаевдин тагдыры башкача болмок.

Роза Отунбаева болсо Курманбек Бакиевти, андан соң Алмазбек Атамбаевди бийликке алып келүүдө чоң роль ойноду...

Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаевалар Өмүрбек Текебаевдин депутат, саясатчы болууда айрыкча, Ө. Текебаев камалганда кыш, суук эчтекеге карабай тике туруп беришкен. Керек болсо митингтерди уюштурушуп Текебаевтин укугун коргоодо. Ал эми Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Перизат Сурановалар эч кимдин укугу тебеленбесин, айрыкча элдин деген кыргыздын кыраан кыздары. Жүздөгөн мыкты мырза жигиттердин тагдыры талкаланып кетээрде тирек болушкан.

Мен болсо, 2010 жылдан 2021 жылга дейри, Садыр иним Президент болгуча чын дилимден колдоп келдим. Өзү билет, албетте унутуп калбаса. Орозайым Нарматовачы? Чыпалактай кыз 2017-жылы Садыр Жапаров камалганда, Ош шаарында "Садыр Жапаровду колдоо" комитетин түзгөн. Куугунтукка катуу кабылган. Кайсы бир келишпестиктерге байланыштуу Адахан Мадумаровтун командасына өтөт. Өжөр кыз, А. Мадумаровдун партиясы парламентке келүүсүнө да эбегейсиз салым кошот...

Айтайын дегеним, кыргыздын кыздары кыйын "жигитмин" дегендерди оор күндөрдө колдой, коргой билген. Аттиң, ошол  мырза жигиттермин дегендер, кайда? Кана кыргыздын чыгаан кыздарын коргоп, колдоп алганы? Көрсө, аял заты чынында эле күчтүү экенбиз...

Кыргыз - кыздарын кордогон эмес, коргогон, колдогон намыстуу эл. Ушул айымдардын жакшылыгын көргөн жигиттер, кайдыгер болбогула. Айымдарга "боштондук" берүүсүн бийликтен керек болсо сурангыла.

Ал эми бийлик төбөлдөрүнө айтаарым, "намыс өлүмдөн күчтүү", деген лакап бар, тилекке каршы тарыхта сөз калды. Кыргыз кыздарын кордойт деген. Ошондуктан, мен тааныган, билген, колдогон, ишенген, үмүт арткан Садыр иним, сен эр азамат, чыныгы мырза жигит элең, карыяларга урмат көрсөткөн, айымдарды сыйлай, жаштарды колдой билген. Өтө мекенчил, элин жерин өзгөчө сүйгөн инсан болгонуң үчүн мени кайсы бийлик кысымга албасын өз позициямдан, принцибимден тайбай, Сени колдоп келдим акыйкатсыздыкка тике карап. Мен билген Садыр менен гана сүйлөшкүм, о.э. ишенип, үмүт арткым келет.

Садыр иним, айымдарга "боштондук" бер. Аялдар менен "чабышып" убактыңы текке кетирбе, андан көрө мамлекеттик деңгээлдеги маселелер Сен үчүн бийик жана манилүү болуш керек! Чек арадан баштап, кыштан элиңди аман-эсен чыгарып алуу. Мыйзамсыздык, акыйкатсыздык, адилетсиздик өз башыңардан өттү, аларды Силер кайталабыгыла.

Кемпир-Абад маселесине Садыр Нургожоевич кайрып келүүңдү суранам. Суу сактагычтын жери да, суусу да биздики. Элдин, энелердин назарынан калба Садыр иним...", - деп айтылат Жолджошованын кайрылуусунда.

Эске салсак, Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Буга чейин ондогон активисттер, укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды бошотуу өтүнүчү менен бийликке кайрылган.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш кодексинин 36-278-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Арасында алты аял бар. Алар: Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова жана Орозайым Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости