www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстан менен чек арадагы Спин-Болдак-Чаман өткөрмө бекетинин жанындагы атышуудан Пакистандын Чек ара корпусунун бир жоокери каза болуп, дагы экөө жарадар болду. Бул тууралуу Geo News телеканалы бийликтин билдирүүсүнө таянып билдирди.

Пакистан тараптын айтымында, ооган коопсуздук күчтөрү өткөрмө пунктунда кызмат өтөп жаткан пакистандык чек арачыларга ок чыгарган. Ок атышуу учурунда Пакистандын Чек ара корпусунун бир жоокери каза болуп, экөө жарадар болгон. Ооган тараптын жоготуулары тууралуу азырынча маалымат жок.

Пакистан бийликтери көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин убактылуу токтотту жана Ооганстан окуяга күнөөлүүлөрдү өткөрүп бермейинче аны кайра баштоону пландабайт. Ошол эле учурда Кабулда, Geo News маалыматы боюнча, алар пакистандык чек арачыларга кол салууну "Талибанга жамынган белгисиз террористтер жасашкан" деген пикирде.

Эске салсак, Талибдер Ооганстанда бийликти 2021-жылдын августунда басып алышкан. Азырынча бир дагы чет мамлекет талиптердин өкмөтүн тааный элек.

Акыркы бир жылда Пакистан Ооганстанды чек ара аймактарын аткылоодо деп бир нече жолу айыптап келет. Буга жооп катары Исламабад апрель айында Ооганстандын Хост жана Кунар провинцияларына бир катар аба соккуларын жасап, 50гө жакын адамдын өмүрүн алганын Кабул кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости