www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-ноябрында УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, облусттук лидерлердин бири «Амир», «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М. аттуу чет элдик жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.
Аталган чет элдик жаран, Европа өлкөлөрүндө (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, «Хизб-ут-Тахрир» ЭТУнун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенип, Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргыз Республикасынын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.
Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка кылмыштарга катыштыгы текшерилгенден кийин, белгиленген тартипте өлкөсүнө экстрадицияланат.
Булак: NazarNews.kg