www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулдагы жардырууга шектелип 22 адам кармалды

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалганын билдирди. Бул тууралуу түркиялык "Ихлас" агенттиги билдирет.

Укук коргоо органынын башчысы журналисттер менен жолугушууда билдиргендей, бийликке теракт кимдер тарабынан жасалганы маалым.

"Бизде кайдан чыккан жери, кайсы жерде буйрук алынганы жана акцияны аткарган адамдар тууралуу маалыматтар бар. Биздин баамыбызда акция өткөрүүгө буйрук Кобаниден (ред. эскертүү - Сириянын түндүгүндөгү шаар) келген. Окуяга себепкер болгон жана бомбаны таштаган адам биздин Стамбул полиция башкармалыгы тарабынан кармалды. Буга чейин дагы 21 адам камакка алынган", - деди Сойлу.

Анын айтымында, жардыруудан 6 адам каза болуп, 81 адам жаракат алган, бешөө реанимацияда, экөөнүн абалы оор. Учурда жалпы жабыркагандардын 50сү ооруканадан чыгарылды, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Алдын ала берилген маалыматтарда, жергиликтүү саат 16:20дагы бул окуядан алты киши каза таап, кеминде 53 киши жаракат алганы кабарланды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын айтты.

Телерадиокомпаниялар боюнча жогорку кеңеш окуя болгон жерден түз алып берүүгө тыюу салды.

Истиклал Бейоглу районунда жайгашкан. Түркиянын туристтик көчөлөрүнүн бири, ал жерде негизинен жөө кишилер жүрөт.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районундагы Истикляль көчөсундө жарылуу болгон. Кыргызстандын Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости