www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй үч кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын учурду. Бул тууралуу "Yonhap" маалымат агенттиги Түштүк Кореянын штаб башчыларынын биргелешкен комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, снаряддар максималдуу бийиктиги 100 чакырым менен 350 чакырым аралыкты басып өткөн. Ракеталык сыноолордон кийин учактарга жана кемелерге эч кандай зыян келтирилген жок.

Белгилей кетсек, КЭДР бүгүнкү учуруудан тышкары быйыл баллистикалык ракеталарды 38 жолу сынап, жалпысынан 70ке жакын ракета учурулган.

Буга чейин 18-декабрда Түндүк Корея 25 мүнөттүк аралык менен Жапон деңизин көздөй эки баллистикалык ракета учурган.

Фарангиз Салимова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости