www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика министрлиги – Кыргызстандан жыгач алып чыгууга тыюу салган өкмөт чечиминин мөөнөтүн узартуу боюнча токтомду коомдук талкууга чыгарды. Тыюу 1-августта алты айга киргизилген. Биринчи караганда бул токтомдун маанисин түшүнүү кыйын, анткени Кыргызстандан жыгач экспорту эч качан жогору болгон эмес.

Бирок быйыл февралда Москва Украинага каршы согуш баштагандан бери Беларусь такай Орусияга жардам берип келет жана март айында Европа биримдиги – Беларустан болгон жыгач экспортуна санкция салган. Беларус компаниялары дароо ал экспортту Кыргызстан аркылуу жасай баштаган – жыгач өзү Беларустан мурдагыдай эле Польша же Германияга жиберилет, бирок документтери Кыргызстандан келди деп жазылат.

Дароо Кыргызстандын жыгач экспорту 18 миң эсеге өскөн. 2017-жылдын январында «Манас» аэропортунда кыйраган «Боингдин» ичинде – кыргыз эли өздөштүрө ала албаган көлөмдөгү электроника болгон жана андай рейстер элүүдөн ашык жасалган. Ошондуктан, ЕАЭБдин өзүн тузщүунүн себептеринин бири – ушундай нерселерди ишке ашыруу болгон десе да мүмкүн.

Последние новости