www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтылуу ишкер, көп тармактуу "Аю" холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов Дубайдын ооруканаларынын биринде реанимацияда экени айтылды.  Анын бооруна экинчи жолу операция жасалаары жана абалы оор эмес экени маалымдалды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев: “Шаршенбек Абдыкеримов досум менен байланыша элекмин. Ал реанимацияда”, — деп билдирди. 

Эске сала кетсек, "Аю" компаниясынын спирт заводу менен арак заводу конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатканын президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айткан. 

Мындан улам, коомчулукта 20 жылдан бери маңдай тер, ак эмгеги менен түптөп, өкүндөткөн ишканасын тартып алсаңар, реанимацияга түшөт да деген сындар айтылган болчу. 

Шаршенбек Абдыкеримов негиздеген "Аю" холдингги Кыргызстандагы эң ири компаниялардын бири катары таанымал. 

Ал ишкерлик жолун Казакстанда баштаган. Кийин Кыргызстанга келип завод ачып, эбегейсиз чоң ийгиликтерге жеткирди. Анын ишканасынан өндүрүлгөн товарлары Кыргызстан эле эмес, эл аралык көргөзмөлөрдө сапат жагынан биринчи орунду эчен ирээт жеңген. 

Мыкты деп таанылган арак продукцияларын айтпаганда да, "Артезиан" суусу - түрк кеңешмесинин бизнестик премиясын алган. 

Ун жана ундан жасалган азыктардын сапаты мыкты, эл аралык стандарттарга жооп берет деген сертификатты Кыргызстан боюнча биринчи болуп алыптыр.

Эми айта берсе сыйлык, жетишкендиктери көп. Мамлекетибизге жылына жарым млрд сомдон ашык салык төгөт экен. Ушул убакка дейре 10 миллиард сомдон ашык салык төлөгөн экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости