www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эртең менен Facebookту ачсам, туюк-туюк жазылган посттор жайнайт. Кеп жанагы түрк мугалим жөнүндө экенин билдим. Бирок табылдыбы, табылбадыбы, тиги туюк-туюк, өтө эле акылдуу жазылган посттордон биле албадым», дейт Азамат Омош.

«...табылса жакшы болуптур. Өлкөдөн алып чыгып кетишсе, демек анын да бир себеби бардыр. Көптөн бери жазылып, айтылып келатат. Ал киши кыргыз жараны дешет. Айткылачы, азыр ким кыргыз жараны эмес? Бизнеси бар, акчасы бар кытай, түрк, тажик, дагы башка-башкалар деле Акаев баштап берип, калгандары өркүндөткөн коррупциялык бийликтин, коррупциялык системанын айынан кыргыз жарандыгын алып алышканы жалганбы?

Адашпасам баягы Саймаити дегениңер да кыргыз жараны болсо керек эле? Түркияда пачкасы менен кыргыз паспорту кармалганын унуттуңарбы? Инанды мугалим экен эле. Кандай мугалим эле? Мен үчүн ал киши миллиондорду тегереткен чоң бизнесмен. Чоң акча айланган жерде чоң-чоң кызыкчылыктар болот. Керек болсо идеялык, идеологиялык кызыкчылыктар болот.

Ушунчалык гумандуу кыргыз, кыргыз жарандарына жан күйгүзгөн кыргыз эмнеге ошол эле Түркияда, Россияда азап тартып, зордолуп, кордолуп жаткан, эй, Кыргызстанда төрөлүп, Кыргызстанда чоңоюп, кыргызча сүйлөгөн кыргыз жарандарына ушунча резонанс жаратпайт? Эмнеге кечээ тажиктин огунан өлгөн чырактай кыздарды кайра-кайра жазып, эмнеге аларга боор толгобойт?», – дейт Азамат Омош.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-июлда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын жараны, «Сапат» (мурунку «Себат») кыргыз-түрк мектептер тармагынын президенти Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады. Эрдоган атайын операцияны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму жүргүзгөнүн айтты.

Инанды 31-май күнү кечинде байланышка чыкпай калган. 1-июнь күнү таңкы саат төрттөр чамасында анын унаасы Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн короосунан табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости