www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-министр, Кыргызстандагы курорттор ассоциациясынын өкүлү менен маек.
- Азамат мырза, Чолпон-Атадагы «Рух ордо» маданий комплексинде президент менен жолуктуң. Туризм жөнүндө кеп кыла алдыңарбы?
- Ооба, ал жерде Ысык-Көл туристтик көргөзмөсүн өткөздүк, форум болду. Президент ачылышына келди. Кыргызстанда туризмдин келечеги, пандемия учурунда туризмди кантип өнүктүрөбүз, кандай кадамдарга барыш керек деген маанайда сөз кылдык. Садыр Нургожоевич Кыргызстандын жалпы өнүгүүсү боюнча сөз кылды.
«Азыркы учурда өзүңөр билгендей, дүйнөдө туристтерге болгон атаандаштык абдан чоң. Ошонун арасында Кыргызстан өзүн көргөзүш керек. Бизде баардык потенциалдар бар. Жаратылыш, табыгий, адам потенциалдары дегеним. Ошолордун баарынын башын чоң болбосо да ортодон жогору стратегиялык программага бириктирип, алдыга жылалы. Бул боюнча колдойм, туризм бизге бүгүнкү күндө керек. Экономиканын чоң секторуна айландыруубуз абзел!» деген жакшы сөзүн айтты.
- Туризм дегенде эле раматылык Ташкул аке эске түшүп жатат. Анын «Рух ордосунда» кеп жок. Ал эми көлдүн аркы бетиндеги «Аалам ордосун» эми ким курат? Ташкул акенин бүтпөй калган ишин улай турган жан барбы? Бушайман боло берем...
- Акыркы мезгилде Ташкул аке менен ушу боюнча көп сүйлөштүк эле. Ушундай керемет ойлорун ортого салган. «Аалам ордону» жандандыруу, аягына чыгуу, ири инвесторду тартуу боюнча пландары бар эле. Ал адам тирүү турганда сөзсүз жакынкы арада ишке ашмак. Тагдыр ушундай экен. «Аалам ордо» жеке сектор болгондуктан мамлекет кирише албайт.
Эгер үй-бүлөсүнөн «бүтүрөлү, аягына чейин чыгалы» деп мамлекеттен жардам сурап, бизден колдоо керек болсо, анда инвесторлорду таап келип, аягына чыкканга өзүбүздүн жардамыбызды аябайт элек.
Булак: Азия News гезити