www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда коронавирустун жаңы түрү табылды

Улуу Британиянын Йоркшир шаарында коронавирустун жаңы түрү табылды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.
Йоркшир негизги административдик-аймактык бирдигинин Шеффилд шаарынын саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Грег Фил коронавирустун Улуу Британияда табылган жаңы түрүнүн белгилүү штаммдарына караганда жугуштуу экендиги жөнүндө азырынча эч кандай далил жок экенин билдирди.

"Биз VUI-21MAY-01дин жайылышына байкоо жүргүзүп этияттык менен көзөмөлдөп жатабыз. Бул штаммдын коронавирустун буга чейин Улуу Британияда жана башка өлкөлөрдөн чыккан түрлөрүнө караганда тезирээк тарай тургандыгына жана ага каршы вакциналардын эффективдүүлүгүнүн төмөн болушу мүмкүндүгүнө эч кандай далил жок”, - деди Грег Фил.

Ал элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды жана ден-соолукка байланыштуу сунуш кылынган чаралар инфекцияны азайтуу үчүн натыйжалуу жол экенин баса белгилеп, санитардык чараларды так сактоо зарыл экенин баса белгилеп өттү.

Буга чейин, ДССУ коронавирустун Индияда аныкталган мутацияланган “B.1.177” түрүн кооптуу деп атап, анын дүйнө жүзү боюнча жайылып жатканынан тынчсызданып жатканын билдирген.

Эксперттин айтымында, коронавирустун бул түрү адамдан-адамга бат жугат.

Эскерте кетсек, акыркы расмий маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча аталган илдет менен ооругандардын саны 166 466 762 кишиге жетти. Вирустан 3 457 601 адам каза тапты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости