www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Азаттыктын» эки журналистин суракка чакырган. 2-декабрда суракка күбө катары чакырылган Мухаммедали Токтакунов жана Ыдырыс Исаков учурда Кыргызстанда эмес. 

Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прагага кызмат сапарына жөнөтүлгөн. «Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости