www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Совет учурунда Турдакун Усубалиев жаңы салынып жаткан Ак үйдү, Борбордук «Ала-Тоо» аянтын жана ал жерде жайгашкан ак мрамордон салынган имараттары, ошондой эле азыр тарых музейи аталган, ошол кездеги Ленин музейин кандай саксактап караса, өкмөт башчысы кезинде Сапар Исаков тарых музейин «эрке баладай» бөпөлөп,  өз колуна алган.  Акыркы мезгилде тарых музейи тагдырдын сынына калгандай.

Темир Сариев тарых музейин реконструкциялоону баштаган

2015-жылы ал кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев түшүнөн чоочугансып Мамлекеттик тарых музейин Түркиянын акча каражаттарынын эсебинен реконструкциялоо боюнча атайын буйрук чыгарган. Келишим боюнчаTIKA компаниясына тарых музейин оңдоп түзөө боюнча үч жылга 15 миллион доллар бөлүнөт, бул дээрлик улуттук валюта менен эсептегенде миллиард сомдон ашат. Мунун ичинде 4 миллион долларды же 280 миллион сомго жакын каражатты музейдин маңдайкы тарабын (фасадын) жана анын алдын көрктөндүрүүгө жумшоону чечишет. Түркиядан келе турган акча каражаттарынын келишин күтпөй эле, өкмөт тарабынан курулуш иштери үчүн республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүү тууралуу бир нече чечимдер чыккан. Тендер кандай өттү, бюджеттин кайсы булактарынан, эмнеге акча каражаттары бөлүндү? Бул өзүнчө маселе, бул тууралуу тергөө иштери жүрүп жатканы белгилүү.

Тарых музейинин сметасы жана тендер боюнча өкмөт башчысынын бир нече токтому жана буйруктары чыккан. Тарых музейине акча бөлүштүрүү жана сыноо комиссиясын уюштуруу боюнча 2016-жылы мартта ал кездеги премьер-министр Темир Сариевдин буйругу чыккан. Ушул буйруктун негизинде 2017-жылдын апрелинде конкурстук комиссия тарабынан башкы куруучуну (генподрядчик) тандоо  жана бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү боюнча иштер жүргөн. 2017-жылдын майында жана ушул эле жылдын августунда бюджеттик каражаттарды тарых музейине керектүү нерселерди сатып алууга багытталган чечимдер чыккан. Ушул чыккан чечимдерге таянып, 2017-жылдын 1-мартынан бери  президенттик аппаратын жетектеп келген Сапар Исаков бүт көңүлүн тарых музейине буруп, 2017-жылдын 25-августунда Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон соң жалпы Кыргызстанды ойлобой, кышкы суукта ЖЭБтин элди үшүткөнүнө кайыл, бир гана тарых музейи деп баса жатып калган. Учурда Сапар Исаков ЖЭБ менен катар тарых музейи боюнча да тергелип жатат.

Бул жерде коррупция жыттанган жокпу? Сапар Исаковдун мынча акчаны талаага чачып жатып жанталашканынын себеби эмнеде? Бул долбоор акыйкат каралды беле? Бул суроолор элдин мээлерин эзет. Тарых музейин алынып келинген товарлардын баалары асмандап кеткенин билебиз, бул тууралуу эл аралык аудиттер жооп бере албай турушат. Албетте, эл аралык аудиттерди пайдалануу үчүн да акча каражаттары керек, бирок салык төлөөчүлөрдүн акча каражаттары кантип, кандайча жок болгон, эмнеге чыгымдалган муну да билишибиз керек.

Тарых музейиндеги «татытмалар»

2018 - жылдын башында президент Сооронбай Жээнбеков тарых музейинин иши менен таанышып чыккан. Ошол кезде тарых музейинин жетекчилери 2018-жылдын мартында тарых музейи ачылат дегендей кылган. Бирок, президент Жээнбеков тарых музейине барган соң көп өтпөй парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары тарых музейин көчмө жыйын өткөзөт. «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттарын музейди жасалгалоодо кеткен чыгымдар ооздорун ачырган. Анткени, бир орундукка эле 100 миң сом кетсе, эшек түспөлдүү жыгач аттар 600 доллардан сатылып алынган. Эмне үчүн тарых музейинин маңдайкы тарабы (фасад) түркиялыктардын грантынын эсебинен курулса, ал эми ички ремонтторго эл чогулткан бюджеттик мамлекеттик акча каражаттары колдонулган? Түркиянын компаниясы тарых музейин реконструкция кылууну толук өз мойнуна алган соң, элдин акчасына, бюджетке сук артуунун кереги бар беле?

Музейдин ички бөлүгүн жаңыртууга 1 миллиард 569 миллион 477 миң сом бөлүнгөн. Миллиарддарды бөлүп талаага чачкандай биз ошончо бай мамлекетпизби? Дагы кайталап койолу Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-Жаза кодекси боюнча беш беренеден турган иш козгогон.

Эмне үчүн тарых музейи кайра-кайра өрттөнөт?

Тарых музейинде 2016-жылдын июлунда өрт чыккан. Өрт боюнча кабар 21-июлда саат 22. 11 де түшкөн. Өрт өчүргүчтөр жетип келип, өрттү түнкү саат үч жарымда басаңдатып, биротоло алты сааттан кийин баскан. Демек, өрт масштабы кенен, оңой жоо болгон эмес. Бир нече киши жапа чеккен. Ушул өрт ал кездеги маданият министри Алтынбек Максүтовду ала жатты. Өрттөн улам  ошол кезде түзүлгөн комиссиянын айтуусунда ал жерде эч кандай материалдык- чарбачылык зыян болгон эмес. «Акылдуу» өрт билгендей тандап, «утилге» чыккан материалдарды гана өрттөп кетиптир. Музейдеги баалуу материалдар өрттөн жашынып калгандай.

 Экинчи ирет өрт 2017-жылдын 22-ноябрында болгон. Өрт кызматына саат 11. 36 да маалымат түшүп, өрт өчүрүүчүлөр тез эле өрттү басышкан. Бул музейдин башаты 1925-жылда жатат. Азыркы Тарых музейи Лениндин музейи катары 1984-жылы курулган. Борбор Азия боюнча эң чоң музей эсептелген бул жерде 135 миң ар түрдүү баалуу экспонаттар бар. Албетте, «сууга салса чөкпөйт, отко салса күйбөйт».

Тарых музейи элди келечекке жетелейби, же чоңдорду коррупциягабы?

Тарых музейин жасалгалоо акыркы кездерде курч полемикаларды туудуруп жатат. Акыркы күндөрү ал жерде коррупция болгон деп кыйкырып жаткандар негизинен жаңы бийлик тарапты жалжал карагандар болсо, буларга каршы турган күчтөр мурунку бийликтин өкүлдөрү.  Бардык жерде билим, жаштарды тарбиялоо, экология маселери маданий агартуу менен искусство аркылуу чечилерин эки тарап тең түшүнөт. Социалдык маселелер жана экономикадагы көйгөйлөр маданият менен искусство көйгөйлөрүнөн тышкары чечилбейт. Тарых музейин өзгөртүүнү ойлогон авторлордун ой-толгоолору боюнча бул жер шаарлыктарды жана меймандарды өзүнө тарткан жаңы коомдук жайга айланышы керек. Ал бардык эл аралык стандартка жооп берип, ошол жерде эл аралык көрсөтмөлөр, жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өтүп, жаштар маданиятка, искусствого, билимге талпынган жер болуш керек. Музейдин ички дизайнын музей жасалгалоо боюнча адистешкен немец компаниясы «Vitrinen und Glasbau REIER GmbH» бүтүргөн.  Бул ишкана бүткүл дүйнөгө таанымал: Луврдун, Британ музейинин, мамлекеттик Эрмитаж сыяктуулардын буйрутмасын  аткарып келет. Германиянын тарыхый- маданий баалуу мурастарын сактоо боюнча 20 жылдан ашуун иш жүргүзүп келаткан. Эмнеге Кыргызстанга келгенде булардын аброю ачылып кетти? Же тарых музейин кургандардын колу кычышып кеттиби?

Тарых музейи 135 миң экспонатын жасалгалап Борбор Азияда үлгү боло турган музейге айланмак. Эгер «тамагы кычышкандар» суук колун салышпаса, ал кыргыз элине сыймык алып келмек. Тарых музейи элди келечекке жетелейби, же чоңдорду коррупциягабы, эми муну түшүнө да албай калдык.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости