www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Барыңыздарга белгилүү болгондой 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык коомдун коррупцияга каршы «#REакция» аттуу митинги болуп өткөн. Тилекке каршы акцияны өткөргөндөр Кыргызстанда  бажы тармагындагы коррупцияны жоюуну, реалдуу реформаны талап кылабыз деп чыкканы менен бир эле Райымбек Матраимов менен чектелип калган.

Тынчтык акциясынын алып баруучусу модератор Улан Үсөйүн болуп өткөн акцияны эч кандай саясий күчтүн митинги эмес, жөнөкөй тургундардын бийликке болгон талабы экенин жар салган. Ал эми митингдин жыйынтыгында бийлик тарабына эч кандай расмий түрдө талап да коюлган эмес.

Бирок митинг болуп өткөндөн кийин, эл арасында “Келе жаткан 2020-жылы өлкөдө батышчыл күчтөрдүн аракети менен ызы-чуу жасап, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду Райымбек Матраимовго шылтоо кылып алып түшөт экен”, деген сөздөр желдей тарап, митингди уюштурганга демилгечи болгон 3 саясатчы бар экендиги айтылган. Мындай маалыматка көпчүлүк мыйыгы менен күлүп кабыл алган.

Арадан көп өтпөй Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале 27-ноябрда башталган. Анда аялдардын укугун коргоо иретинде башталып, "оппа" дегенде белгисиз кыздар чечинип, жылаңач денесин көрсөткөн жана көргөзмөгө “турсийлер” коюлган.

Тилекке каршы, 25-ноябрда кыргызга күйгөн азаматтар Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болуп өткөн окуя боюнча бир жолу “кыңк” этмек тургай "мыяу" дей алышкан жок.

Ал эми, “кыргыздын өчүп бара жаткан Үмүтүн жандырып жатам, президент, Райымбек Матраимовду же бизди тандасын”, деген Ширин Айтматова, жылаңач чечинген кыздар же, илинген турсий боюнча үн ката элек.

Жасалма патриот Ширин Айтматова кайра уктап калдыбы же ага Райымбек Матраимов эле керекпи?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости